Үч округда алдын ала 606 жаран добуш берди

Бир мандаттуу үч округда Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо алдын ала, шайлоо тилкесинен тышкары добуш берүү мүмкүндүгүн түзүп берүү өтүнүчү менен 687 шайлоочудан арыз түшкөн, алардын 606сы добуш берди.

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиргендей, алардын ичинен №2 Баткен шайлоо округу боюнча – 31, №7 Ош шайлоо округу боюнча - 488, №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча – 168 жаран.

№2 Баткен шайлоо округунда – 29 (93,55 пайызы) шайлоочу добуш берди, алардын ичинен:

  • улгайгандыгына байланыштуу - 14;
  • майыптыгы барлар - 8;
  • ооруп жаткандыгына байланыштуу - 7.

Добуш берүүгө 2 шайлоочу катышкан эмес.

№7 Ош шайлоо округунда – 419 (85,86 пайызы) шайлоочу добуш берди, алардын ичинен:

  • улгайгандыгына байланыштуу - 159;
  • майыптыгы барлар - 166;
  • ооруп жаткандыгына байланыштуу - 88;
  • башка категорияларга киргендер - 6;

Добуш берүүгө катышкан жок - 69 шайлоочу.

№9 Кара-Суу шайлоо округунда – 158 (94,05 пайызы) шайлоочу добуш берди, алардын ичинен:

  • улгайгандыгына байланыштуу - 69;
  • майыптыгы барлар - 38;
  • ооруп жаткандыгына байланыштуу - 51.

Добуш берүүгө 10 шайлоочу катышкан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан