Өлкөдө биринчи жолу жарандар шайлоо тилкелеринде идентификациядан өтүү үчүн электрондук паспортторун колдонушууда. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди.
Ал үчүн шайлоочулар "Түндүк" тиркемесин пайдаланышат. Жарандардын паспорту электрондук документ форматында системага жүктөлгөн. Аны шайлоодо колдонуу ыкмасы Инфоком мамлекеттик ишканасынын БШК менен кызматташуусунун негизинде идентификациялоо программасына киргизилген.
Белгилей кетсек, бүгүн №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат.