Бүгүн, 28-апрелде Бишкекте велосезондун ачылышы болду. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, вело жүрүш Кыргызстан менен Азербайжандын достук паркында башталып, катышуучулар Уркуя Салиева атындагы скверде жүрүшүн аяктады.

Веложарыштын бардык катышуучулары көңүл ачуучу иш-чараларга жана ар түрдүү сынактарга күбө боло алышты. Спорттук иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева жана "Вело friends позитив kg" коомдук уюмунун президенти Данил Кыдыралиев, ошондой эле 800гө жакын велосүйүүчүлөр, спортчулар жана муниципалитеттин кызматкерлери катышты.