Кезексиз шайлоо: Ички иштер министринин орун басары Баткенге барды

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Баткен облусундагы шайлоо тилкелерин текшерип, коомдук тартипти көзөмөлдөөдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, №2 Баткен шайлоо округу боюнча жалпысынан 81 шайлоо тилкесинде 300дөн ашуун милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Ал эми чек ара аймактарындагы шайлоо тилкелерине кошумча кызматкерлер бөлүнүп, коомдук тартипти камсыздоодо.

"Шайлоо өткөрүлүүчү участкаларда коомдук абал туруктуу. Баткен районунун тургуну бир талапкерди добуш сатып алууга элди үндөгөн деген таризде шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылган. Бул арыз Баткен ОИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан