"Ош" аэропортунан мыйзамсыз алынып келе жаткан зер буюмдар аныкталды

"Ош" эл аралык аэропортунан мыйзамсыз алынып келе жаткан зер буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Стамбул-Ош" каттамы менен келген жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда 1973-жылы туулган А.М.Л. аттуу жарандан жалпы салмагы 298 граммды түзгөн зер буюмдар (шакек, чынжырча, сөйкө жана билерик) табылган. Ал товарларды бажы көзөмөлүнөн жашыруу аракетин көргөн.

"Кармалган зер буюмдардын орточо базар баасы 1 миллион 482 миң 978 сомду түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Бажы кызматы чогултулган материалдар Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилгенин кошумчалайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан