Бишкекте 2007, 2008-жылы туулган балдар адам тоноого шектелип кармалышты

Бишкекте жашы жете элек 2 өспүрүм адам тоноого шектелип кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 21-апрелде милицияга А.Ш. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, ошол эле күнү болжол менен саат 20:00 чамасында Манас проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде белгисиз адамдар күч колдонуп, 17 миң сомдук Redmi 11С үлгүсүндөгү телефонун тартып алышкан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине (тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 2007-жылы туулган Н.Н. жана 2008-жылы туулган К.Э. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан