Кыргыз Республикасынын эл акыны
Жолочу Рысбаев 75 жашында каза болду. Маалыматты Маданият министрлиги тастыктады.
Министрлик Жолочу Рысбаев эмне себептен каза болгондугун тактаган жок.
Таланттуу, чебер сатирик, юморчу жана фельетончу, Кыргыз Республикасынын эл акыны Жолочу Рысбаев 1949-жылы 25-июнда Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Жылуу-Булак айылында туулган.
1988-жылдан тартып СССР жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Бир катар аңгемелердин, сатиралык чыгармалардын жана обондуу ырлардын автору.