Жалал-Абадда Ала-Бука дарыясынын 700 метр жээги бекемделди

Ала-Бука районунун Ала-Бука дарыясынын нугун тереңдетүү жана жээгинин 700 метр аралыгын бекемдөө иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде ӨКМден билдиришти.

Маалымдалгандай, аталган аймактагы кооптуулукту жоюу үчүн жыл башында министрликке сунушталып, ӨКМден бир оор инженердик техника бөлүнүп, күйүүчү май менен камсыздалган.

"Аткарылган жумуштардын натыйжасында Сапалак-Сай айылындагы 87 турак үй, 950 метр ички чарбалык жол сел кооптуулугунан толугу менен корголду", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан