Адахан Мадумаров райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко кайрылды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаров Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна, депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча БШКнын чечимине каршы Бишкектин Административдик сотуна 29-апрелде апелляциялык арыз бергенин билдирди.

Саясатчы “Азаттык” медиасына берген маегинде мыйзамдар боюнча кийинки инстанцияга даттанууга 15-майга чейин укугу бар экенин айтып, бул боюнча талаш чыгаруунун кажети жок экенин белгилеген.

Мадумаров буга чейин “Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 400-беренесинин 1-пунктунда соттун өкүмүнө апелляциялык даттануу камактагы адам өкүмдүн көчүрмөсүн алгандан кийин 30 күндөн кийин кайрылса болорун, ал өкүмдүн көчүрмөсүн 16-апрелде гана алганын” айткан. Ушундан улам 15-майга чейин апелляциялык арыз бергенге убакыт бар экенин билдирген.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 26-апрелдеги жыйынында парламент депутаты Адахан Мадумаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

26-мартта Биринчи Май райондук сотунда ага карата өкүм чыккан.

Чечимге ылайык, ал коюлуп жаткан айыптар боюнча күнөөлүү деп табылып, кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза дайындалган эмес. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылган.

Мадумаров райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко даттанган эмес жана 26-апрелге караган түнү эркиндикке чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан