Башкы прокурордун орун басары Кубан Адыл уулу кызматынан бошотулду 

Башкы прокурордун орун басары Кубан Адыл уулу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тиешелүү тескемеге мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, Кубан Адыл уулу аталган кызматка 2021-жылы дайындалган.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге кол алдындагыларды башкарууда туура эмес көзөмөлгө алгандыгы үчүн сөгүш жарыялаган. Мындан тышкары башкы прокурордун орун басары Кубан Адыл уулун ээлеген кызматынан бошотуу боюнча сунуштама берүүнү тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан