"Манас" театры дастанчыларга сынак жарыялады. Жол-жобосу

Кыргыз улуттук "Манас" театры оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун айтуучулук багыты боюнча сынак жарыялады.

Ага ылайык, кароо-сынакка 16 жаштан 35 жашка чейинки дастанчылар, санатчылар катыша алат.

Кароо-сынактын I, II туру 14-15-октябрда Кыргыз улуттук “Манас” театрында өтөт. III туру 16-октябрда Улуттук телерадиоберүү корпорациясында эки айлампа менен өтөт.

Кароо-сынактын I туруна катыша тургандар айтуучулук багыт боюнча чыгармалардан аткара алышат. Кароо-сынактын II туруна катыша турган дастанчылар жана санатчылар тизмеде көрсөтүлгөн чыгармалардан аткарышы керек.

Кароо-сынактын III туру эки айлампа менен өтөт.

1- айлампа:
• Дастанчылар жана санатчылар тизмеде көрсөтүлгөн чыгармалардан аткарууга тийиш.

2-айлампа
• Тандалган катышуучудан билет тандоо менен туш келген чыгарманы (10-30 мүнөткө чейин) аткаруу талап кылынат.

Дастанчылык өнөр боюнча

I турда тандалган дастан аткаруучулар, II турда элдик кенже эпостордон, дастандардан, элдик поэмалардан жана ХХ-ХХ1 кылымдагы дастан, поэма жана башка чыгармалардан (мис: Үркүн, 1937-жылдагы репрессия курмандыктары, Улуу Ата Мекендик согуш, Ооган согушу, Баткен коогалаңы, 7-апрель окуясы ж.б.) каалаган эки чыгарманы (сунушталган тизменин негизинде), нукура айтуучулардын (авторлордун аткаруусун эске алып) үлгүсүндө аткаруусу зарыл. Убактысы 5-15 мүнөттү камтыса болот.

II турда аткарыла турган чыгармалардын тизмеси:

1.“Курманбек”эпосу;
2. “Жаныш-Байыш”эпосу;
3. “Шырдакбек” эпосу;
4. “Кожожаш”эпосу;
5. “Саринжи-Бөкөй”эпосу;
6. “Олжобай менен Кишимжан” дастаны;
7. “Ак Саткын менен Кулмурза”дастаны;
8. “Гүлгаакы”дастаны;
9. “Ак Мөөр”дастаны;
10. “Карагул ботом” дастаны;
11. “Ооган ыйы” (Р.Аманова, К.Иманалиев);
12. “Кылым дастаны” (Б.Токтобаев, И.Гильязетдинов).

III турда билет менен аткарыла турган чыгармалардын тизмеси:

1. “Курманбек”эпосу;
2. “Жаныш-Байыш”эпосу;
3. “Саринжи-Бөкөй”эпосу;
4. “Ак Саткын менен Кулмырза”дастаны.

Дастанчылык өнөр боюнча баалоонун критерийлери:

• Чыгарманын обонунун жана аткарылышынын нукуралуулугу;
• Музыкалык аспап менен аваздын айкалышуусу, үндүн тембри, мукамдуулугу;
• Чыгарманын текстинин тактыгы;
• Сюжеттин жеткиликтүүлүгү;
• Аткаруучулук чеберчилиги;
• Музыкалык көркөм каражаттардын (дикция, фразировка, үн боёктору ж.б.) профессионалдык деңгээлде колдонулушу.

Дастанчылык боюнча сыйлоо:

Баш байге - (1 аткаруучу) акчалай сыйлык, диплом.
1- орун диплом - (1 аткаруучуга) акчалай сыйлык.
2-орун диплом - (1 аткаруучуга) акчалай сыйлык.
3-орун диплом - (1 аткаруучуга) акчалай сыйлык.

Санатчылык өнөр боюнча

I турда санатчылар “ашыктык, арман ырлардан” аткара алышат (тизме сунушталат).
II турда элдик жана автордук терме, санат, насыят, казалдардан, залкар акындардын айтыштарынан (шарттуу түрдө) нукура айтуучулардын үлгүсүндө өзү каалаган 2 чыгарманы аткарууга тийиш. Убактысы 5-15 мүнөттү камтыса болот.

I турда санатчылар аткара турган ашыктык, арман ырлардын тизмеси:

1.“Көксулуу” (Жеңижок);
3. “Мөлмөлүм”(Б. Алыкулов);
4. “Мырзайым” (Б. Алыкулов);
5. “Өзгөчөм” (Б. Алыкулов);
6. “Гөзал кыз” (Б. Алыкулов);
7. “Айсары кыздын арманы” (К. Алмазбеков);
8. “Балам жок” (Жеңижок);
9. “Эненин каты” (К. Алмазбеков);
10. “13 жашар баланын арманы” (К. Алмазбеков);
11. “Өрүк комуз” (А. Рыскулов, К.Абдралиев);
12. “Чолпонум” (Ж. Алыбаев);
13. “Ляйли” К.Болотканов, М.Керимбаев
14. “Ынтымак” (Р.Аманова, Э.Турсуналиев).
15. “Кайырчынын казалы” (Т. Абдиев, С.Бейшекеев);
16.“Арманда кетти бир ак куу” (Н. Алымбеков, С.Бактыгулов)
17 “Балкыма” (Э.Иманалиев) ж.б.

II турда аткарыла турган чыгармалардын тизмеси:

1. Асан Кайгы, Кетбука, Туяк ырчы, Чоңду, Айтыкенин нускоолору;
2. Калыгул, Арстанбек, Эсенаман, Молдо Кылыч, Алдаш Молдо, Казыбектин казалдары, санаттары;
3. Жеңижок, Калмырза, Токтогул, Барпы, Эшмамбеттин санат-насыяттары;
4.Токтогул, Эшмамбет, Барпы, Коргол, Алымкул,Осмонкул, Калык, Ысмайыл, Ашыраалы, Тууганбай, Токтосун, Токтонаалы, Эстебес ж.б. төкмө акындардын айтыштары
5. Алымкул, Осмонкул, Калык, Ысмайыл, Райкан, Какен, Эстебес, Тууганбай, Ашыраалы, Замирбектин айтыштары, Э.Ибраевдин, С.Жусуевдин, Н.Алымбековдун, А.Өмүркановдун терме, санат, насыят чыгармалары.
6. “Курманжан Датканын кошогу”(сөзү элдики, И.Аманбаев), “Ак Бакай” (Коргол, күүсүнүн коштоосунда), “Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо” (Б.Алыкулов, Р.Аманова).

III турда билет менен аткарыла турган чыгармалардын тизмеси:

1. Жеңижок “Аккан суу”;
2. Токтогул “Дүнүйө”;
3. Токтогул менен Барпынын жолугушуусу;
4. Э.Турсуналиев, Р.Шүкүрбеков “Кыз жигит”.

Санатчылык өнөр боюнча баалоонун критерийлери:

• Чыгарманын тексти, ыр саптарынын ырааттуулугу;
• Чыгарманын обонунун жана аткарылышынын нукуралуулугу;
• Музыкалык аспаптын күүлөнүшү, аспап менен үндүн айкалышуусу, аспаптык коштоо;
• Аткаруучулук чеберчилиги, сахна маданияты;
• Музыкалык көркөм каражаттардын профессионалдык деңгээлде колдонулушу;
• Залкар акындардын нукура обонунда аткарылган чыгармалардын аспап менен коштолушу (аспаптын туура күүлөнүшү, тоомдордун тууралыгы ж.б.) эске алынат.

Санатчылык өнөр боюнча сыйлоо:

Баш байге - (1 аткаруучу) акчалай сыйлык, диплом.
1-орун - диплом, (1 аткаруучуга) акчалай сыйлык.
2-орун - диплом, (1 аткаруучуга) акчалай сыйлык.
3-орун - диплом, (1 аткаруучуга) акчалай сыйлык.

Белгилей кетсек, кароо-сынакка жигердүү катышкандар атайын дипломдор менен сыйланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан