Бүгүн, 30-апрелде Талас шаарынын борбордук аянтында 3 миңдей окуучу "Манас" айтты. Шаардык мэрия иш-чара «Урааным Манас» аталышындагы «Манас» айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында өткөнүн билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган сынак 44 район, 32 шаарда өткөрүлүүдө.
Белгилей кетсек, былтыркы жылы өлкө боюнча кароо-сынакка 100 миңдей окуучу катышкан болсо, быйылкы жылы 500 миңден ашык окуучу катышууда. Кароо-сынактын жыйынтыгы Кыргыз Улуттук "Манас" театрында май айынын аягында жарыяланат. Жеңүүчүлөр баалуу белектер, акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.
Кароо-сынактын жалпы байге фонду 3 миллион сом.