Бишкек милиция кызматкерлери окуучуларга профилактикалык иш-чараларды өткөрүштү

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборунда (ЖУАБ) 30-апрелде милиция кызматкерлери Бишкек шаарындагы №40 орто мектебинин башталгыч класстарынын окуучуларына жол кыймылынын эрежелери жана өрт коопсуздугу боюнча профилактикалык иш-чараларды өткөрүштү.

Ички иштер министрлигинен билдиргендей, иш-чаранын максаты балдарга жолдо жүрүү эрежелерин, көчөдө, жолдо жана транспортто коопсуз жүрүм-турумуна үйрөтүү, ошондой эле балдардын өрт коопсуздук эрежелери боюнча билимдерин тереңдетүү болуп саналат.

"Сабактын жүрүшүндө милиционерлер балдарга жол кыймылынын бардык белгилерин, светофорлор эмне үчүн керек экенин, жол кыймылынын бардык катышуучулары кандай жүрүшү керектигин жана башка көптөгөн нерселерди түшүндүрдү. Андан сырткары өрт коопсуздугунун эрежелери жөнүндө айтып беришип, өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарын кантип туура колдонууну дагы үйрөтүштү.

Мектеп окуучулары менен сабак ачык талкуу түрүндө өтүп, анда балдар активдүү катышышты. Сабактын жүрүшүндө окуучулар көптөгөн пайдалуу жана кызыктуу маалыматтарды алышты. Өткөрүлгөн иш-чаралардын аягында мугалимдер жана мектеп окуучулары милиция кызматкерлерине кызыктуу маалымат жана сабак үчүн ыраазычылык билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан