Ошто үлүштүк курулуш программасынын алкагында дагы бир көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды 

Ош мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын түзүлгөндүгүнүн 6 жылдыгына карата "Муниципалдык турак жай курулушу: кечээ, бүгүн, эртең" аталышындагы отчёттук конференция өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалымдалгандай, конференцияга Ош шаарынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Маалыматка ылайык, конференцияда ишкананын жетекчиси Кутманалы Абдырахман уулу ишкана тарабынан 6 жыл ичинде аткарылган жумуштар, жүргүзүлүп жаткан жана алдыда жасалуучу иш-аракеттер боюнча маалымат берди.

"Соңунда Т. Турсунбаева №28 көчөсүндөгү үлүштүк курулуш долбоорунун алкагында 15 кабаттан турган 408 батирдин курулушуна капсула салынды.

Белгилей кетсек, аталган долбоор шаар тургундарын турак жай менен камсыздоо максатында Ош шаарынын мэриясы тарабынан төртүнчү ирет ишке ашырылууда", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин "Үлүштүк курулуш" долбоорунун алкагында үч көп кабаттуу үйдүн курулушу башталган.

Долбоорго ылайык, жаңы турак жайдын биринчи кабаты коммерциялык жана унаа токтотуучу жайлар үчүн каралган. Мындан тышкары, үйдүн короосуна балдар аянтчасы курулуп, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери да жүргүзүлөт. Батирлер жашоого даяр ички шарттары менен пайдаланууга берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан