"Эл үмүтү" стипендиясына документтерди кабыл алуу башталды

Бүгүн, 1-майда президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди онлайн кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, документтер 30-майга чейин онлайн форматта кабыл алынат.

“Эл үмүтү” стипендиясынын максаты - өлкөнүн таланттуу жаштарына жогорку окуу жайларынын (QS World University Rankings, Times Higher Education) топ-100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк окуу жайларында, билим берүү программаларында магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алуусуна көмөк көрсөтүү.

Маалымат үчүн: “Эл үмүтү” стипендиясына жыл сайын 50 орун бөлүнөт. Шилтеме аркылуу катталса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан