"Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулуш долбоору Ташкенттеги форумда көрсөтүлдү

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы Ташкент эл аралык III инвестициялык форумунун энергетика боюнча панелдик сессиясында "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулуш долбоору көрсөтүлгөнүн маалымдады.

Ага ылайык, өлкөнүн энергетика тармагы тууралуу презентация Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун, ошондой эле эл аралык уюмдар менен каржы институттарынын катышуусунда өткөрүлдү.

Анда Жапаров өлкөнүн жалпы энергетикалык потенциалын, "Камбар-Ата-1" ГЭСинин жайгашкан орду менен башкы планын, долбоордун инвестициялык көрсөткүчтөрүн жана артыкчылыктарын, жалпы Борбор Азияда суу ресурстарын башкарууну жакшыртуу жана аймактагы электр энергиянын рыногу жөнүндө айтып берди.

“Кыргыз Республикасы бүгүнкү күндө жогорку энергетикалык потенциалга ээ. Кыргызстанда өндүрүлгөн энергиянын дээрлик бардыгы “жашыл” болуп саналат, анткени ал гидроэнергетикадан алынат. Азырынча биз болгон потенциалыбыздын 13 пайызга жакынын гана пайдалануудабыз. Жашыл энергетиканы өнүктүрүүдөгү глобалдык чакырыктарды жана тенденцияларды эске алуу менен Министрлер кабинети инфраструктуралык энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү киришти. Бүткүл аймак үчүн маанилүү болгон "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу боюнча стратегиялык маанилүү ири долбоор өнүгүүнүн жаңы темпине ээ болууда”, - деди Жапаров.

Белгилей кетсек, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруунун Жол картасына кол койгон. Адистердин айтымында, "Камбар-Ата-1" ГЭСинин долбоордогу жалпы кубаттуулугу 1860 МВт жетип, жылына 5,6 миллиард кВт/саат электр энергиясын өндүрүү күтүлүүдө.

Ошондой эле форумдун панелдик сессиясында Чаткал дарыясына ГЭС куруу долбоору тууралуу айтылды.

Чаткал дарыясына ГЭС каскаддарын, ошондой эле Нарын дарыясында Казарман ГЭС каскадын куруу боюнча энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Экономиканын негизги тармагы болгон энергетиканы өнүктүрүү үчүн өлкөбүзгө чет элдик инвестиция керек жана биз бул жаатта эң жакын кызматташууга даярбыз. Биз чет элдик компанияларды Кыргызстандагы чакан жана орто ГЭСтерди жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) курууга катышуусун карап көрүүгө чакырабыз”, - деди төрага.

Акылбек Жапаров ошондой эле "Камбар-Ата-1" ГЭСи, Казарман ГЭС каскадын жана 500 киловольттук Кемин-Торугарт электр өткөргүч чубалгысын тартуу долбоорлоруна “улуттук” долбоор макамы ыйгарылганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Ташкент эл аралык III инвестициялык форумуна дүйнөнүн 93 өлкөсүнөн мамлекеттик жогорку кызмат адамдары, ошондой эле бир катар ири эл аралык уюмдар менен дүйнөлүк каржы институттарынын өкүлдөрү катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан