Бүгүн, 4-майда Чолпон-Ата шаарында “Run the Silk Road” эл аралык марафону старт алды. Ага 3 миңдей адам катышууда.
Иш-чаранын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов келип, катышуучуларга ийгилик каалады.
Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев аталган мелдешке 30 өлкөдөн 3 миңдей спортчу катышып жатканын айтты.
“Быйыл марафонго 30 мамлекеттен 3 миңдей спортчу катышууда. Мамлекет тарабынан иш-чараны уюштурууга 12 миллион сомдой каражат бөлүндү”, - деп билдирди Тыналиев.
Катышуучулар төмөнкү аралыкта чуркашат:
Марафон (42,195 чакырым);
Жарым марафон (21,097 чакырым);
10 чакырым (чуркоо жана скандинавиялык басуу) аралыктан старт алышат. Мындан тышкары 3 чакырым балдар жарышы.
Марафондун 42,2 чакырым жана 21,1 чакырым аралыктагы жеңүүчүлөрү үчүн байге фонду 1 миллион 544 миң сомду түзөт.
Эскерте кетсек, марафон - спортчулар үчүн Олимпиада оюндарында жолдомо алуу үчүн кошумча упай чогултуу мүмкүнчүлүгү.