Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөрү айтылды

Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул маданий-гуманитардык тармактагы кызматташтыкты активдештирүү үчүн чоң жардам болот.

"Элдердин ортосундагы маданий диалог жакшы салт болуп калды. Маданият, искусство, кино жана спорт тармагындагы окуялардын болгон динамикасын сактап калуу биз үчүн маанилүү. Бул иш-чара биздин элдерибиздин ортосундагы достукту жана бир туугандыкты мындан ары да чыңдоо үчүн кандайдыр бир көпүрө экени талашсыз", - деди өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан