Бүгүн, 4-майда Жалал-Абад шаарында бокс боюнча эл аралык турнир болот. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматтарга караганда, турнирде Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Оруиядан келген 14 мушкер күч сынашат.
Мелдеш "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда саат 18:00дө башталары айтылды.