Бүгүн, 4-майда Ош шаарына Москвадан Кремлдин дубалындагы белгисиз жоокердин мүрзөсүндөгү Өчпөс оттун бир бөлүгү алып келинди. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка караганда, аны таңга маал Орусия президентинин ишенимдүү адамы, актёр Михаил Мамаев жана "Элдик фронт" кыймылынын Красноярск крайындагы облустук аткаруу комитетинин башчысы Оксана Ларионова жеткирди.