Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнү: Бишкекте журналисттер көчөт отургузушту

Бүгүн, 4-майда Бишкекте журналисттер көчөт отургузушту. Акция "Бизге басым кылып жатышат, биз дарак отургузабыз" деген ураан менен Журналисттер аллеясында уюштурулду.

Иш-чара Басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк күнүнө карата өттү.

Акцияга келгендер өлкөдөгү маалымат каражаттары, журналисттер туш болгон басымдарды токтотууга чакырып, аларды тилектештик билдирүүгө үндөштү. Ушундай эле ураан менен былтыр медиа кызматкерлери аталган аллеяда ишембилик жасашкан.

Эске салсак, Бишкектеги Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Журналисттер аллеясы 2010-жылы Журналисттер коомдук бирикмесинин демилгеси менен ачылган. Былтыр “Ынтымак” сейил багында "Сөз эркиндиги" аллеясы ачылып, анда 200 көчөт отургузулган.

3-май - Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан