Сузак окуясы боюнча милиция жетекчилери кызматтан алынды

Сузактагы масштабдуу иш-чарада балдарды унаа тебелеп кеткендеги окуядан кийин милициянын бир катар кызматкерлери жазаланды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, мекемелер аралык комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, аны орун басары, фестиваль өткөн аймакты тейлеген Октябрь аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы жумуштан бошотулду.

Ошондой эле коопсуздук маселесине көңүл бурулбаганы үчүн 12 кызматкер тартиптик жазага тартылды.

Облустук милициянын жетекчилик курамына, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн бир нече кызматкерине да тартиптик чара көрүлдү.

Буга чейин кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы чыкканга чейин Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы да иштен четтетилген.

Түзүлгөн комиссия коопсуздукту өз деӊгээлинде камсыздабай, алдын алуу иш-чараларын так жүргүзгөн эмес деген тыянак чыгарганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан