Бишкектен Ошко учкан учак авариялык жагдайдан улам кайра конду

"Манас" эл аралык аэропортунда Бишкек-Ош багыты боюнча учкан "Avia Traffic" авиакомпаниясынын учагы авариялык конууга мажбур болду. Бул жөнүндө аэропорттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 4-майда саат 18:17де болгон. Анда учак «Манас» аэропортунан график боюнча учуп, бирок 10 мүнөттөн кийин авариялык конууга мажбур болгон.

"Алдын ала маалыматтар боюнча учактын кыймылдаткычтарынын бирине канаттуу куш тийген. Жүргүнчүлөр аэропорттун стерилдүү аймагына жайгаштырылган. Жабыркагандар жок. Учурда учакты техникалык адистер текшерип жатышат", - деп билдиришти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан