Кыргызстанда "Менин конституциялык укуктарым" аттуу юридикалык жардам көрсөтүү акциясы өтөт. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара 6-майда саат 10:00дѳн 16:00 чейин уюштурулат.
"Акция өлкөнүн бардык аймактарында өтөт. Анда жарандарга социалдык пособия алуу, үй-бүлөлүк, жер, мурас жана башка маселелер боюнча консультациялык-укуктук жардам берилет", - деп айтылат билдирүүдө.
Иш-чара 5-май - Конституция күнүнө карата уюштурулууда.