Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу Бразилияда өткөн UFC турниринде жеңишке ээ болду.
Ал 4-майда бразилиялык спортчу Элвес Бренер менен беттешти. Мелдеш Рио-де-Жанейродо болуп, үч күнгө уланды.
Калыстардын баары анын пайдасына добуш беришкен. Муну менен Оролбай уулу UFC килеминде катары менен эки жолу жеңишти багындырды.
Эске салсак, мушкер былтыр Лас-Вегаста сербиялык Урош Медич менен беттеш өткөргөн. Анда ал экинчи раундда атаандашын муунтуу ыкмасы менен утуп алган.