Этникалык кыргыздарга окуу жайлардан 75 орун берилди

Кыргызстан 2024-2025-окуу жылы үчүн чет элдеги этникалык кыргыздарга 75 орун берет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, сынакка Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кытайдын, Түркиянын жана Пакистандын жарандары катыша алат. Алар министрликтин сайтындагы онлайн аянтчага катталып, тиешелүү документтерди 27-июнга чейин тапшырышы керек.

Жыл сайын 75 квота “Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге билим берүү жана улуттук маданият маселелеринде колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка ылайык берилет.

Министрликтен кошумчалашкандай, конкурстук программа боюнча кошумча маалыматтар иш күндөрү саат 15:00дөн 17:00гө чейин +996 (312) 625082, 621519, 620497 телефондору аркылуу берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан