Эртең, 6-майга караган түнү Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Нарын өрөөндөрүнүн айрым жерлеринде күн күркүрөп, жаан жаайт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдирди.
Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9… + 14, күндүз + 19 … +24,
Талас облусунда түнкүсүн +7… + 12, күндүз + 17 … +22,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10… + 15, күндүз +23 … +28,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7… + 12, күндүз +15 … +20,
Нарын облусунда түнкүсүн +5… + 10, күндүз + 15…+20.
Бишкекте жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +21…+23 градус болот.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.