Кыргызстандык сегиз балбан Париж Олимпиадасына жолдомо алуу үчүн күч сынашат. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында жарыяланды.
Ага ылайык, дүйнөлүк олимпиадалык квалификациялык турнир Түркиянын Стамбул шаарында 9-майда башталат. Анда Олимпиада оюндарына жолдомолор ойнотулат. Мелдеште ар бир салмак боюнча үч балбанга лицензия берилет.
Кыргызстандын атынан бул турнирге 8 спортчу катышары айтылды.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча:
Сезим Жуманазарова – 57 килограмм.
Грек-рим күрөшү боюнча:
Азат Салидинов - 87 килограмм;
Үзүр Жусупбеков - 97 килограмм;
Роман Ким - 130 килограмм.
Эркин күрөш боюнча:
Орозобек Токтомамбетов - 74 килограмм;
Атай Изабеков -86 килограмм;
Андрей Аронов - 97 килограмм;
Айаал Лазарев - 125 килограмм.
Учурда Кыргызстандын куржунунда Олимпиада оюндарына жалпы тогуз лицензия бар.