Сузактагы окуядан жабыркаган балдардын абалы жакшырып баратканы айтылды

Сузактагы "Манас" айтуу иш-чарасында унаа тебелеп кетип, Бишкекке жеткирилген 10 баланын абалы жакшырууда. Бул тууралуу Бишкектеги №3 балдар клиникалык ооруканасынын маалыматында айтылат.

Кабарлангандай, азыркы учурда төрт бала жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которулду. Аларга жаак жана баш сөөк сыныгынан операция жасалган. Ал эми ошол эле бөлүмдө дарыланып жаткан алты баланын абалы жакшы деп бааланат.

"Бут-сөөктөрүнөн жабыркаган бир балага кийинки жуманын шаршемби күнүнө операция жасоо пландалууда. Учурда Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында балдарга керектүү болгон дары-дармектер жетиштүү деңгээлде бар", - деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми Жалал-Абад облусундагы ооруканаларда дарыланып жаткан тогуз баланын абалы жакшы экени кошумчаланды.

Эске салсак, 2-май күнү Сузактагы Катмы жайлоосунда "Манас" айтып жаткан балдарды Porter автоунаасы жылып кетип, сүзгөн. Кырсыктан 35тей бала жабыркаган. Алардын ичинен абалдары оор деп бааланган 10 бала атайын борт менен Бишкекке жеткирилип, ооруканага жаткырылган.

Портердин айдоочусу үй камагына чыгарылып, кырсыктын бардык жагдайларын тактоо үчүн атайын комиссия түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан