Муфтият косметолог Айнура Сагынбаевага эскертүү берди

Бүгүн, 6-майда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы психолог, блогер Айнура Сагынбаеванын диний багыттагы айткан пикирлери ислам динин ачык бурмалоого жатарын маалымдады.
Анда муфтият Айнура Сагынбаевнын коомдун, өзгөчө жаш өспүрүмдөрдүн адеп-ахлактык баалуулугуна каршы билдирген ойлору таптакыр орунсуз экенин белгилейт.
"Сагынбаеванын ислам эрежелери жана нарк-насил нормаларына туура келбеген пикирлери көпчүлүктү тынчсыздантууда. Анткени кээ бир ойлору ыймандан ажыроого алып барат. Эгерде аталган жаран шарият негиздерине жана улуттук наркка сыйбаган субъективдүү ойлорун айтууну токтотпосо, тиешелүү органдарга кайрылууга мажбур болобуз", - деп айтылат билдирүүдө.
Айнура Сагынбаева коомчулукка психолог, косметолог жана блогер катары таанымал. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчалары аркылуу учурда коомчулуктагы болуп жаткан көйгөйлөр, аялдардын коомдогу эң негизги милдеттери, укугу тууралуу сөз кылып, пикирин билдирип келет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан