Сот Адахан Мадумаровдун апелляциялык арызын артка кайтарды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна жазган апелляциялык арызы артка кайтарылды. Бул боюнча Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим арыз берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Мадумаров Бишкектин Административдик сотуна 29-апрелде апелляциялык арыз берген.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 26-апрелдеги жыйынында парламент депутаты Адахан Мадумаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

26-мартта Биринчи Май райондук сотунда ага карата өкүм чыккан.

Чечимге ылайык, ал коюлуп жаткан айыптар боюнча күнөөлүү деп табылып, кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза дайындалган эмес. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылган.

Мадумаров райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко даттанган эмес жана 26-апрелге караган түнү эркиндикке чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан