Кореядан келген делегация Бишкекте жаштар менен жолугушту (фото, видео) 

Өткөн жуманын соңунда Бишкекте Кореядан келген делегация кыргызстандык жаштар менен жолугушту. Иш-чарага Кыргызстандын Кореядагы ардактуу консулу, Asia Children Charity (Азия балдарына камкордук) борборунун негиздөөчүсү Ким Жонг Гу, Кореянын мурдагы юстиция министри Ли Сёң Ён жана башка бир топ профессорлордун курамы катышты.

Анын алкагында кореялык делегация жаштарга туура кесип тандоо жана ийгиликке жетүү багытында лекция окушту.

Алгач сөз ардактуу консул Ким Жонг Гуга берилип, ал катышуучуларга өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, Кыргызстанга келген негизги максаты тууралуу айтып берди.

“Мен Кыргызстанга фонддун абалы менен таанышып, анда жашап жаткан балдарга билим берүүдөгү жеке тажрыйбам менен бөлүшүү максатында келдим. Себеби Азия кайрымдуулук борборунун негизги вазыйпасы - балдардын кыялын, максатын ишке ашыруу. Биз аларга ар дайым колдоо көрсөтүүгө даярбыз”, - деди Ким Жонг Гу.

Ал эми Кореянын мурдагы юстиция министри Ли Сёң Ён жаштарды китеп окууга үндөп, Кыргызстанды дүйнөгө таанытып жүргөн “Манас” эпосу тууралуу кеп кылды. Ал “Манас” эпосунда элдин тайманбастыгы, өжөрлүгү абдан жакшы сүрөттөлгөнүн айтып, жаштарды тарыхты жакшы билүүгө чакырды.

Иш-чаранын соңунда маданий программа тартууланып, Азия кайрымдуулук борборундагы балдарга акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Маалымат үчүн: Азия кайрымдуулук борбору (ASIA CHARITY CENTER) билим берүү жана кайрымдуулук боюнча эл аралык фонд болуп саналат. Уюмдун негизги максаты - балдарга жана студенттерге билимди өздөштүрүү жана лидерликти өнүктүрүү жаатында өз потенциалын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү.

Кореядан келген делегация кыргызстандык жаштар менен жолугушту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан