Бүгүн, 6-майда Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында 300 орундуу көп функционалдуу медициналык мекеменин курулушу башталды.
Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлагандай, мекеменин курулуш иштерин 2025-жылга бүткөрүү пландалууда.
Капсула салуу иш-чарасына саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңештин депуты Айбек Маткеримов катышты.
Иш-чарада Бейшеналиев мамлекет жарандардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө умтулуп жатканын белгиледи.
Маалымат үчүн: Жалпы аянты 6633,5 чарчы метр болгон 300 орундуу оорукана 3 блоктон турат. Анда кардиология, ортопедия, ЛОР, офтальмология, урология, эндокринология жана терапия бөлүмдөрү жайгашат. Ошондой эле операциялык жана жандандыруу бөлүмү, ашкана, кир жуучу жай, кампа жай уюштурулат.