"Үн чыгарбай коюуга мүнөзүм жол берген жок". Айнура Сагынбаева Муфтиятка жооп берди

Косметолог, психолог, блогер Айнура Сагынбаева Муфтияттын берген эскертүүсүнө жооп берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-майда социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Муфтият мага эскертүү бериптир. Макул, баш ийишим керек. Постторду өчүрөм, ТикТокту жабам. Энергиям өтө аз ызы-чууга чыдаганга. Бирок аны менен чындык жабылбайт. Чындык ошол бойдон калат.

Мага эмне түрткү болду? Коомдогу көп нерсеге көзүм ачылды, бирок үн чыгарбай коюуга мүнөзүм жол берген жок. Психологияны изилдөөнү токтотпойм, эми мындан да катуу изилденем. Курандын дагы арабча оригиналын өзүм котортуп окуйм.

Чынында, менин оюм коомго ушунча таасирдүү, маанилүү экенин билген эмесмин. Таң калдым, кубандым. Такшалдым, быштым. Тема эми чындап жабылды. Баарыңарга ийгилик", - деп жазды Сагынбаева.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Айнура Сагынбаеванын диний багыттагы айткан пикирлери Ислам динин ачык бурмалоого жатарын билдирип, ал шарият негиздерине жана улуттук наркка сыйбаган субъективдүү ойлорун айтууну токтотпосо, тиешелүү органдарга кайрыларын маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан