Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында 7, 8, 10, 11-май күндөрү кооптуу таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Боом капчыгайындагы кооптуу таштарды түшүрүү иштери күндүзгү саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Бул учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулат. Ал эми жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге чыгарылат.
Ишкана жолго чыга тургандарга каттамды алдын ала пландап алууну эскертип, мындай иштер автотранспорт каражаттарынын коопсуздугу үчүн жүргүзүлүп жатканын белгиледи.