Садыр Жапаров Ош шаарын жана облусун өнүктүрүү пландары менен таанышты

Бүгүн, 6-майда Садыр Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында регионду өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерине арналган жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, мамлекет башчысына таза суу менен камсыздоо, жол инфраструктурасын жакшыртуу, социалдык объекттерди куруу жана реконструкциялоо, көп батирлүү ипотекалык үйлөрдү тургузуу, ошондой эле өндүрүштүк ишканаларды ишке киргизүү боюнча долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маалымат берилди.

Ага ылайык, бул долбоорлор жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртуу жана экономикалык өсүштү стимулдаштыруу үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Мындан тышкары өлкө башчы Кара-Суу районундагы “Туратали” базарын мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча аткарылган иштер тууралуу да маалымат алды.

"Садыр Жапаров бардык жооптуу түзүмдөрдүн ишин күчөтүүнү тапшырып, региондорду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча коюлган милдеттерди ишке ашыруунун натыйжалуулугу – жергиликтүү бийлик жетекчилеринин ишмердүүлүгүн баалоонун башкы критерийи экенин эске салды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан