"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы ВПУ суу тосмосунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин пландоодо. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-майда саат 9:00дөн 21:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки мекемелерге, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык, тиричилик жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы чектелген көчөлөр:
- Садовая көчөсү- Чүй проспектиси - Ч. Валиханов көчөсү – темир жол линиясы;
- 7-Апрель көчөсү–Ауэзов көчөсү- Исакеев көчөсү – Ч. Валиханов көчөсү.
Мындан тышкары Учкун конушу жана Учкун кичи районунда да таза суу өчүрүлөт.
"Урматтуу шаар тургундары! “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат", - деп билдиришти маалыматта.