Кара-Суу районуна караштуу Датка айылдык аймагынын Мачак айылында бир турак үйдү сел суулары каптады. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда ӨКМден билдиришти.
Маалымдалгандай, жерине саат 19:54 чамасында ӨКМдин 3 куткаруу унаасы чыккан.
Ага ылайык, куткаруучулар тарабынан сел сууларды тазалоо иштери жүрүүдө.