Амантур Жумаев Азия чемпиондугунда 2-орунга ээ болду 

Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Амантур Жумаев Астана шаарында Азия чемпиондугунда күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалымдалгандай, спортчу 54 килограммга чейинки салмакта катышты. Алгач 1/8 финалдык беттеште Түркмөнстандын мушкери Мейлис Шадурдыевди 4:1 эсебинде уткан.

Ал эми чейрек финалда тажикстандык Анушервон Фазыловду жеңип, жарым финалдык беттеште ирандык Солтани Амирразени үч раунддун жыйынтыгы менен уткан. Финалдык чечүүчү беттеште өзбекстандык Собиржон Тастановго жеңилип, күмүш медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, жаштар арасында курама команда улук машыктыруучу Улан Төлөнбай уулу жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан