Шакиев Сузактагы окуядан жабыркаган балдардан кабар алды

Бүгүн, 7-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Сузак районундагы иш-чарада унаа тебелеп кетип, Бишкекке жеткирилген 10 баладан кабар алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, Нурланбек Шакиев балдардын ар бири менен баарлашып, тез арада сакайып кетишин каалады. Ошондой эле аларга төраганын резервдик фондунан каржылык жардам көрсөтүлөрүн билдирди.

“Келечек ээлеринин саламаттыгы баарынан кымбат. Андыктан балдардын катышуусундагы иш чараларды өткөрүүдө алардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулушу керек. Көңүл кош жасалган мамиленин кесепети оор болорун Сузактагы окуя далилдеди”, – деди төрага.

Эске салсак, Сузактагы каргашалуу окуя 2-май күнү Катмы жайлоосунда болгон. Анда "Манас" айтып жаткан балдарды Porter үлгүсүндөгү унаа жылып кетип, сүзгөн. Кырсыктан 35тей бала жабыркаган. Алардын ичинен абалы оор деп бааланган 10 бала атайын борт менен Бишкекке алып келинген.

Бүгүнкү күндө төрт балага жаак жана баш сөөк сыныгынан операция жасалган. Алардын абалы жакшы деп баалангандыктан жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которулган. Ал эми Жалал-Абад облусундагы ооруканаларда дарыланып жаткан тогуз баланын да абалы жакшы экени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан