Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын атайын кызматтарынын жетекчилери жолугушту

Өзбекстандын Фергана шаарында 6-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Саймумин Ятимов жана Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизов менен жолугушту.

УКМКнын басма сөз кызматынан билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар аймактык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көйгөйлөрдү кеңири талкуулашты. Анда терроризмге, экстремизмге, баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө, мыйзамсыз миграцияга, контрабандага, ошондой эле чек арадагы башка коркунучтарга жана чакырыктарга каршы күрөшүү өңдүү маселелер туурасында пикир алмашуу болду.

Солдон оңго: Саймумин Ятимов, Абдусалом Азизов жана Камчыбек Ташиев

Тараптар мамлекеттердин ортосундагы чек ара кызматташтыгы жана коңшулук мамилелерди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселесин да козгошту. Диалогдун жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстанстандын ортосундагы мамлекеттик чек араларды делимитациялоого байланышкан күн тартибиндеги маселелер, ошондой эле Өзбекстан менен чек араны демаркациялоо маселелери конструктивдүү түрдө каралды.

Атайын кызматтын башчылары кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана өзбек-кыргыз чек арасын демаркациялоо процесстерин тездетүү боюнча макулдашууларга жетишип, тараптардын өз ара кызыкчылыктарынын негизинде бул маселелерди чечүү боюнча практикалык чараларды белгилешти.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын мүчөлөрүнө чек аранын калган тилкелерин тактоо жана тиешелүү эки тараптуу келишимге кол коюу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан