Бишкек шаарынын мэриясы мектепте аныкталган кургак учук фактысы боюнча билдирүү таратты. Ага ылайык, 13-апрелде №41 орто мектепте кургак учук оорусу аныкталган.
"29-мартта пландуу медициналык кароодон өткөндө мектептин техникалык кызматкеринин флюрограммасында өзгөрүүлөр аныкталган. 2023-жылдын март айында кызматкер жумушка орношуу алдында текшерүүдөн өткөн.
Ушул жылдын 29-мартынан тарта кызматкер андан ары текшерилүү максатында кызматтан убактылуу четтетилип, бардык тиешелүү текшерүүлөрдөн кийин кургак учук диагнозу коюлган", - деп жазылат маалыматта.
Учурда бейтап адистештирилген ооруканада дарыланууда. Мындан тышкары бардык мектеп кызматкерлери текшерилип, санитардык режим көзөмөлдөнөт.
Белгилей кетсек, билим берүү уюмдарынын бардык кызматкерлери жыл сайын медициналык кароодон өтүшөт.