Өлкө башчы Садыр Жапаров Орусияга жөнөп кетти

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда иш сапары менен Орусияга жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Билдиргендей, мамлекет башчысы Москва шаарында Евразия экономикалык биримдигинин юбилейлик саммитине жана Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 79 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышат.

Расмий делегациясынын курамы:

  • Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;
  • Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
  • өлкөнүн Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гульнара-Клара Самат;
  • Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;
  • Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан