Кыргызстандын көркөм гимнастика боюнча жаштар курама командасы Ташкент шаарында өткөн Азия чемпиондугунда 3-орунду ээледи. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалымдалгандай, жекелик жыйынтыкта дагы Арина Газиева 3-орунду ээледи. Мелдештер 2-4-май күндөрү болуп өттү.
Курама команданын тизмеси:
- Саяна Сарынжиева;
- Арина Газиева;
- Злата Аркатова;
- Элима Абдималикова;
- Анастасия Абрамова;
- Белла Кудайбергенова;
- София Мельничук;
- Арууке Семетеева;
- Самира Турсунбаева.
Ага ылайык, курама команда машыктыруучулар Жаңыл Каймазарова, Сабина Ибраимова, Аделина Шаяхметова, Гүлнур Мамыркулова жана Наталья Рентелдин жетекчилигинде мелдешке катышты.