Куала-Лумпур шаарында кыргыз-малайзия кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды

Бүгүн, 7-майда Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Анвар Анарбаевдин Малайзиянын Тышкы иштер министрлигинин эки тараптуу мамилелер боюнча Башкы катчысынын орун басары Ахмад Розиан бин Абд. Гани менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушууда саясий диалогду кеңейтүү, эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү активдештирүү, ошондой эле алдыдагы Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы иш-чараларды эң жогорку деңгээлде өткөрүү маселелери талкууланды.

"Тараптар өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын активдешүүсүн канааттануу менен белгилешти.

Ошондой эле мындан ары да экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүгө басым жасоо менен кыргыз-малайзия мамилелерин чыңдоо үчүн күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин белгилешти", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан