БШК Шайлообек Атазовду депутаттык мандаттан ажыратты 

Борбордук шайлоо комиссиясы Шайлообек Атазовду депутаттык мандатынан ажыратты. Мындай чечим соттордун чечимдерин аткаруу максатында БШКнын 7-майдагы отурумунда кабыл алынды.

Жогорку сот Шайлообек Атазовго карата эки инстанциянын чечимин жарым-жартылай күчүндө калтырган.

Жогорку сот Боршайкомдун талапкер Абдурахманхажи Муртазалиев боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп табуу тууралуу чечимин жокко чыгарды. Тагыраагы, анын алган добушу жарактуу деп табылат.

Ал эми Шайлообек Атазовду депутат деп таануу тууралуу чечим жокко чыгарылды.

Эске салсак, Бишкектин административдик соту 1-мартта бир мандаттуу №29 Свердлов округунан шайланып келген Атазовду мандатынан ажыратып, аны Муртазалиевге берүү чечимин чыгарган.

Эл өкүлү соттун чечимине комментарий берип, ал мыйзамсыз экенин жана мамлекеттик түзүлүшкө, сот системасына доо кетиргенин, сот адилетүү деген сөзгө көө жапканын жазган. Ошондой эле ал сот чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

Ал эми Бишкек шаардык соту мурунку инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырган.

Атазов андан соң Жогорку сотко кайрылган.

Шайлообек Атазов Жогорку Кеңешке 2022-жылы Свердлов районунан депутат болуп шайланган. Шайлоонун жыйынтыгында аталган округ боюнча Абдурахманхажи Муртазалиев алдыда келе жаткан, бирок добуштарды сатып алуу фактысынан улам анын каттоосу жокко чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан