"Кир самын гана берилет". Республикалык психиатрия жана наркология борбору текшерилди

Республикалык психиатрия жана наркология борборунда ар тараптуу текшерүү жүргүзүлдү. Бул боюнча маалыматты Кыйноолорду алдын алуу борборунан билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүү иш-чаралары 18-19-апрель күндөрү жүргүзүлгөн.
Аталган борбордо 655 бейтапка ылайыкталган 17 стационардык бөлүм бар. Психиатриялык стационардык бөлүмдөр 445 койкага ылайыкталган, анын 40ы балдар үчүн. Наркологиялык стационардык бөлүмдөр 210 бейтапка ылайыкталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө төмөндөгүлөр аныкталган:
Жашоо шарттары:
  • РПНБнын имараттарынын көбү оңдоого муктаж;
  • балдар бөлүмүн кошпогондо, бөлүмдөрдөгү бейтаптардын саны бир нече эсе көптүк кылат (5-15 бейтапка). Мисалы, №1 и №10 психиатриялык бөлүмдөрдө кошумча керебеттер коридорлордо жайгашкан;
  • керебеттер, матрастар, шейшептер абдан эскирген;
  • кир самын гана берилет;
  • бейтаптар үчүн эс алуу бөлмөлөрү жок;
  • Бейтаптар үчүн таза абада сейилдөө жүргүзүлбөйт. Анткени РПНБнын сейилдөөчү аймагына жакын жерде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы инспекциянын унаа токтотуучу жайы бар (тынымсыз ызы-чуу, көп сандаган эл).
Азык-түлүк коопсуздугу:
  • тамак-ашка күнүнө 92 сом бөлүнөт. Бул сапаттуу тамактануу үчүн жетишсиз сумма;
  • ашканаларда ашкана жабдуулары жетишсиз, бул оорулууларды 2-3 нөөмөттө тамактанууга мажбур кылат.
Медициналык камсыздоо:
  • медициналык каражаттарга болгону 92 сом бөлүнөт. Медициналык кызматкерлердин айтымында, сапаттуу жана эффективдүү дарыларды сатып алуу үчүн сумма жетишсиз.
"Дарыгерлердин айлыгы 20-25 миң сом, кенже медициналык кызматкерлердики 10-20 миң сом болуп, квалификациялуу адистерди тартууга түздөн-түз таасирин тийгизип жатканын белгилөөгө болот", - деп билдиришти мекемеден.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аныкталган мыйзам бузуулар боюнча акт түзүлүп, Саламаттыкты сактоо министрлигине жөнөтүлгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан