"Жылкычы чымчык" тасмасы Париж кинофестивалында сыйлыкка татыды

Кыргызстандык кинорежиссёр Бегалы Наргозуевдин "Жылкычы чымчык" тасмасы Париж эл аралык аялдар кинофестивалында “Мыкты толук метраждуу тасма” сыйлыгына татыды. Бул тууралуу кинофестивалдын сайтына жарыяланды.

Аталган тасма буга чейин АКШдагы "Гавайи" эл аралык кинофестивалында "Мыкты режиссёрдук дебют" номинациясын жеңип алган.

"Жылкычы чымчык" - тоолуктардын тазалыгы, карапайым кишилердин улуулугу тууралуу тартылып, ошону менен катар кайдыгерлик, адам пейилинин, экологиянын бузулушу, бала сатуу сыяктуу курч көйгөйлөрдү чагылдырган.

Тасманын сценарийин Кыргыз эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиев, белгилүү кинорежиссёрлор Марат Сарулу, Актан Арым Кубат жана Жамбы Жусубалиева биргелешип жазган. Ал эми эл артисттери Жамила Сыдыкбаева, Чоро Думанаев жана башка белгилүү актёрлор роль жараткан.

Эске салсак, тасманын бет ачары Бишкекте былтыр 15-декабрда өткөн. Ал Ницца, Мадрид жана Амстердам шаарларында өтүүчү эл аралык фестивалдарга катышууга да чакыруу алган. Ницца шаарындагы фестиваль 13-майдан 15-майга чейин өтөт. Анда фильм "Фестивалдын мыкты тасмасы", "Мыкты оператордук иш", "Мыкты костюм" жана "Мыкты тасма" номинациялары боюнча ат салышат.

Ошондой эле аталган тасма "Ак илбирс-2023" улуттук кино сыйлыгынын кыска тизмесине илинди. Сыйлык тапшыруу 17-майда Бишкектеги "Манас" кинотеатрында болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан