Бишкекте күз-кыш мезгилине даярдык көрүү башталды

"Бишкекжылуулукэнерго" муниципалдык ишканасы күз-кыш мезгилинде шаардыктарды жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында азыртадан даярдык көрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта борбордогу отканалар иретке келтирилүүдө.

"Газгородокто жайгашкан Факел отканасынын жылуулук өткөрүүчү түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүрүүдө. Ошондой эле Земледелия отканасынын эскирген жылуулук өткөрүүчү түтүктөрүн алмаштыруу иштери уланууда", - деп айтылат билдирүүдө.

"Бишкекжылуулукэнерго" ишканасында жалпы74 откана бар. Ал 635 турак жайды жылуулук менен камсыз кылат. Мындан тышкары анын кызматтарын 12 саламаттыкты сактоо мекемеси, 48 орто мектеп, 18 бала бакча, 8 жогорку окуу жай, 26 бюджеттик мекеме жана 213 коммерциялык объектилер колдонот.

Ишкана жылуулук энергиясын өндүрүү жана аны калкка, социалдык мекемелерге, өнөр жай менен соода ишканаларына сатуу иштерин аткарары кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан