"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери алмашты

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери алмашты. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Жогорку Кеңештин жыйынында аталган фракциянын төрагасынын орун басары Гуля Кожокулова билдирди.

Ал Адахан Мадумаров соттук иштерге байланыштуу фракция төрагалыгынан кеткендигин жана фракция мүчөлөрү бир добуштан төрагалыкка Исхак Масалиевди шайлаганын айтты.

Ошондой эле ал өзүнүн ордуна төраганын орун басары Эмил Токтошев болгонун кошумчалады.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 26-апрелдеги жыйынында парламент депутаты Адахан Мадумаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

26-мартта Биринчи май райондук сотунда ага карата өкүм чыккан. Чечимге ылайык, ал коюлуп жаткан айыптар боюнча күнөөлүү деп табылып, кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза дайындалган эмес.

Мадумаров 29-апрелде Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна, депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча БШКнын чечимине каршы Бишкектин Административдик сотуна апелляциялык арыз берген.

Сот анын апелляциялык арызын артка кайтарган жана мындай чечим арыз берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кабыл алынганын белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан